Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Пакистан Индиянын маалыматтарын далил эмес деп эсептейт


Өлкөнүн премьер- министри Юсуф Раза Гилани Индия Мумбай шаарындагы кол салуудан кийин Исламабадга тапшырган маалыматтардын маанисин төмөндөтүп, аларды "далил эмес", жөн гана кабар деп атады. Анткен менен Гилани өз билдирүүсүндө Пакистан ал маалыматтарды иликтерин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда "прагматикалык кызматташтыкка" чакырды. Индиянын айтымында, Исламабадга берилген маалыматтар Мумбайда 164 адамдын өмүрү пакистандык согушкерлер тарабынан кыйылганын далилдеп турат. Окуя ноябрь айынын соңунда болгон. Шаарга 10дой согушкер кол салган.

XS
SM
MD
LG