Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Кыргызстандын көмүскө тармактарында 86 млрд. сом жүгүртүлөт


Бул тууралуу кечээ Экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаров эксперттер жана ишкер-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуу маалында журналисттерге билдирди. Жолугушууда көмүскө экономиканы, мүлктү жана каражаттарды либералдаштыруу маселеси талкууланды. Жапаровдун айтымында министрлик ишкердикке лицензия жана уруксат берүүнү 50%га кыскартуу демилгеси менен чыгып атат. Ал эми 2009-жылдын этегинде “Лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө” мыйзам иштелип чыгат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жапаровдун журналисттерге билдиргенине караганда көмүскө каражаттар алкоголь ичимдиктерин, автоунааларды сатуу, оңдоо, мобилдик байланыш өңдүү тармактарда жүгүртүлөт. (BuS)

XS
SM
MD
LG