Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Т.Бакир уулу менен Н. Мотуев 500 сомдон айып тартышты


Биринчи май райондук соту Мусулмандар биримдигинин башчылары Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуевге 500 сомдон айып такты. Буга Газа тилкесиндеги жаңжалга байланыштуу кечээ Бишкекте уюштурулган иш чара негиз берди. Биринчи май райондук милициясынын “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулуна митинг уюштурду деген дооматын сот колдогон жок. Саясатчыга 500 сом айып милицияга каршылык көрсөттү деген дооматтын негизинде салынды. Ал Израилдин желегин өрттөө аракетин жасап жатканда кармалган. Бакир уулу эми желекти эртең маалымат жыйынын өткөрүп, соңунан өрттөй тургандыгын “Азаттыкка” соттон кийин билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG