АКШ эми Ооганстандагы НАТО аскерлерине керектүү жүктөрдү Казакстан аркылуу алып өтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Ирак жана Ооганстандагы жаңжалдар боюнча АКШнын өкүлү, генерал Девид Петреус казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуудан кийин билдирди. Казакстан Ооганстан менен чектешпейт. Бирок транзит аймак болуп бере ала турганы айтылды.