Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Жогорку Кеңеш Экологиялык кодексти талкуулоого киришти


Кодекстин долбоорун иштеп чыгуучулардын бири, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Осмонбек Артыбаев долбоор боюнча сөз сүйлөп, жаңы жылда парламенттин өз ишин “Экологиялык кодексти” кароо менен башташын жакшы жышаан катары баалады. Депутаттын айтымында, кодекстин максаты айлана чөйрөнү коргоо жана өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.Кодексте мектеп партасынан тартып айлана-чөйрөнү коргоого үйрөтүү, экологиялык аудит механизмдери киргизилип жатат. “Кыргызстанда болсо экологиянын абалы анча жакшы эмес. Ошондуктан долбоорду кабыл алып берүүнү өтүнөм”,- деп белгиледи Артыкбаев. Долбоорду иштеп чыгууга эл аралык уюмдар да салымын кошкон.(AiT)

XS
SM
MD
LG