Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

И.Исаков: Мага каршы козголгон кылмыш иши саясий буйрутма


Анын максаты мени, оппозиция лидерлерин жана өзгөчө пикири бар адамдарды коркутуу,-деп билдирди коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында. Анын айтымында, кылмыш ишин козгоо менен бийликтеги үй-бүлө күч көрсөтүп, аны саясий майдандан кетүүгө, же үй-бүлөлүк кландык системаны колдоого мажбурлап жатат. Исмаил Исаков ошондой эле ага карата козголгон кылмыш иштин мазмунуна да токтолду. Балыкчыдагы автоунаалардын жоголушу боюнча ишке токтолгон Исаков, аскердик техниканын сакталуусуна ошол жердеги командир, жетекчилер жооп берерин, бир да өлкөдө андай жоопкерчилик министрге жүктөлбөсүн белгиледи. Ал эми 23-февраль, 8-март жана 29-май Куралдуу күчтөрдүн күнүн белгилөөгө бөлүнгөн каражаттар мыйзам чегинде болгонун, ал иш чаралардын айрымдарына президент К.Бакиев да катышканын билдирди. Коопсуздук кеңештин мурунку катчысынын айтымында, атайын каражаттардан майрамдарга каражат мыйзам чегинде бөлүнгөнүн Эсеп палатасынын, Каржы министрлигинин аудиторлорунун текшерүүлору да аныктаганын кошумчалады.(AiT)

XS
SM
MD
LG