Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

45 өлкөнүн атуулдарына Кыргызстанга виза ачуу жеңилдетилди


Тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимовдун парламенттеги бүгүнкү маалымдоосуна караганда, дүйнөнүн 45 өлкөсүнүн атуулдарына Кыргызстанга келип-кетүүгө виза ачууну жеңилдетүү депутаттарга сунушталды. Депутат Осмонбек Артыбаевдин айтымында, жеңилдетилген виза ачууга уруксат алган 45 өлкө технологиялык жактан өнүккөн батыш өлкөлөрү жана мындай чечимди кабыл алуу Кыргызстанга инвестиция, туристердин келишине шарт түзөт. Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен бул маселени кабыл алды. Ошол эле мезгилде айрым депутаттар Кытай жана Түштүк Корея менен визасыз каттоону жолго салууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG