Бул суроо менен Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаевге кайрылганыбызда, азыркы мезгилде кеңешме өткөрүп жаткандыктан эч кандай маалымат бере албасын билдирди. Бирок ал кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазды деген маалыматты төгүндөгөн жок. Акипресс маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Эднан Карабаев кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазып берди. Айрым саясат таануучулар тышкы иштер министрлигине президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов барат деп болжолдоодо.(AiT)