Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Базар-Коргон районундагылар «Хизб-ут Тахрирди» жактабайт


Райондун Арстанбап кыштагында 600 адам катышкан мечитте президентке кайрылуу кабыл алынган. Бул тууралуу облустук ИИБинин маалымат катчысы Ибрагим Шатманалиев билдирди. Анын билдиришинче, мечиттегилер арстанбаптыктардын 80 пайызы аталган экстремисттик уюмдун мүчөсү деген сөздү четке кагып, уюмдун түпкү максатына маани бербей, ага кирген жарандар «Хизб-ут Тахрир» партиясынан чыккандыгын айтышкан. Былтыр «Ак жол» партиясынын өкүлүн өлтүргөн деп айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген киши менен бирге эместигин кеп кылышкан. Ал соттолгонго чейин Арстанбаптын тургуну болгон. Тоолуу кыштактын турмушун туризм, айыл жана мал чарбасын өнүктүрүү менен жакшыртуу мүмкүн экендиги жазылган кайрылууда президенттин саясатын жактаарын билдиришкен. (YA)

XS
SM
MD
LG