Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:35

Баткенде жеке үйлөрдө диний сабак берүү маселеси каралат


Жыл башында Баткенде жеке молдонун үйүндө исламга окуп жүрүп, иске ууланып өлгөн аял менен төрт жашар баланын маселеси облустук комиссияда каралмакчы. Бул боюнча маалыматты облустук акимчиликтин социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн 15-январда «Азаттыкка» билдиришти. Маалым болгондой, 4-январда Кадамжай районунда эч жерден уруксаты жок эле молдонун үйүндө динчилдикке окуп жаткан бир аял жана төрт жаштагы бир бала көмүр газынан ууланып өлгөн. Бул боюнча азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Ушул айда облустук дин боюнча координациялык кеңешмеде үйүндө динчилдикке окутуу маселеси каралмакчы. (JsA)

XS
SM
MD
LG