Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:54

Таласта «Ата мекен» партиясынын өкүлүнүн автоунаасы камака алынды


Бишкектен Таласка келип «Ата Мекен» партиясынын облустук конференциясын өткөрүү иш чарасы менен алектенип жүргөн бул партиянын өкүлү Туратбек Мадалбековдун «Гольф-3» маркасындагы автоунаасы Кара-Буура райондук МАИ кызматкерлери тарабынан камака алынган. Мындан тышкары алар менен сүйлөшкөн адамдарды да жергиликтүү укук коргоочулар сурака алып, куугунтуктоо жүргүзүшүүдө, дейт Мадалбеков. Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эмил Жаманкулов эч кандай куугунтуктоо болбогонун айтып, айдоочунун күбөлүгү жок болгондуктан жогоруда айтылган автоунаа камака алынды дейт. (UA)
XS
SM
MD
LG