Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

"Ал-Каида" - АКШ үчүн башкы коркунуч


"Ал-Каида" АКШнын коопсуздугу үчүн "номер биринчи" коркунуч экендиги тууралуу кечээ шайланган президент Барак Обама айтты. Обаманын бул сөздөрү алдында Интернетте Усама бин –Ладендики делген жаңы аудио кайрылуу пайда болгон эле. Анда "ал-Каида" лидери Газадагы согуштан улам мусулмандарды Израилге каршы жихадга чакырган.

Президенттик кызматка 20-январда киришүүчү Барак Обаманын айтымында, анын администрациясы "ал-Каида" Америкага кол салуу үчүн коопсуз жай түзүп алышына жол бербеш үчүн мүмкүн болгондун баарын жасайт.

Ак үйдүн белгилөөсүндө, акыркы аудиотасма бин-Ладендин обочодо калганын, "ал-Каиданын " идеологиясы менен миссиясы дүйнөдө күмөн жаратып калган кезде анын катарда калуу аракетин көргөзүүдө.

XS
SM
MD
LG