Бүгүн “Жашылдар” саясий партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге каршы козголгон кылмыш ишти Биринчи май райондук соту кароого киришет. Башкы прокуратура Эркин Бөлөкбаевге Кылмыш Кодексинин 128-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде президент Курманбек Бакиевдин беделине шек келтирди деп кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши күч кызматкерлеринин партиянын кеңсесин 13-декабрда тинткенден кийин козголгон. “Жашылдар” партиясы кечээ тараткан билдирүүдө кылмыш ишин саясий куугунтук деп баалады. Оппозициячыл партия лидеринин укугун сотто Азимбек Бекназаров менен Мукар Чолпонбаев коргогону жатат. (BuS)