Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Гудзон дарыясына кулаган учактагы 150 жүргүнчү аман калды


Бир нече саат мурун Нью-Йорктогу Гудзон дарыясына кулап түшкөн учактагы бардык жүргүнчүлөр куткарылышты. Америка аба-жолдору компаниясына караштуу учакта 150 адам бар болчу жана ал Нью-Йорктон Түндүк Каролинага учуп бараткан. Эми эле аба майданынан асманга көтөрүлгөндө, каршылаш учуп келаткан чымчыктар учакка урулуп, анын кыймылдаткычына зыян келтиргени айтылды. Андыктан ал сууга конууга аргасыз болгон. Учак суунун бетинде бир канча убакытка кармалып турду, ошол учурда жүргүнчүлөрдү сактап калышты.

XS
SM
MD
LG