Президенттик кызматты өткөрүп берер алдында элге жасаган теле кайрылуусунда Буш өз кызматында жеңил эмес чечимдерди кабыл алдым, мүмкүн болсо анын айрымдарын өзгөртөт элем деди. Бирок Буш өз саясаты 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактан кийинки жаңы террордук чабуулдардан өлкөнү сактоого шарт түзгөнүн, эркиндик идеясын таратууну шарттаганын айтып, экономикалык кризиске каршы чараларды көргөнүн белгиледи. Буш жаңы келаткан президентке ийгилик каалады.
Буш 20-январда, расмий түрдө кызматтан кетет жана анын ордуна жаңы шайланган президент Барак Обама иштей баштайт.
Буш 20-январда, расмий түрдө кызматтан кетет жана анын ордуна жаңы шайланган президент Барак Обама иштей баштайт.