Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

“Жашылдар” партиясынын төрагасы Э.Бөлөкбаевдин соту жылдырылды


Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин сотун 28-январга жылдырды. “Кыргыз Республикасынын президентинин аброюна шек келтирген” деген айып менен сот ишинен өтүп жаткан Э.Бөлөкбаев өзү бул ишти саясий буюртма катары баалап жатат. Ага карата кылмыш иши “Жашылдар” партиясынын кеңсесинен президент Курманбек Бакиевдин карикатуралары табылгандан соң козголгон. Жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн айтымында, “Жашылдар” партиясынын кеңсесинен табылган “Тезектештирүү - өлкөнү сактоо!”, “Тезек абдан сонун!” деген сыяктуу темалардагы карикатуралар мурда эле интернет түйүнү аркылуу тарап кеткен эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG