Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Ноокатта соттолгон 32 адамдын иши кайрадан сотто каралууда


Бүгүн Ош облустук сотунда Ноокат шаарчасында былтыр 1-октябрь Орозо айт күнү болгон баш аламандыкка айыпталып, Ноокат райондук соту тарабынан 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган 32 адамдын иши карала баштады. Мындай жазага макул болбогон соттолгондор Ош облустук сотуна арыз менен кайрылышкан эле. Ош облусундагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаев билдиргендей, сот залына УТРКнын, 5-каналдын жана айрым мамлекеттик басылмалардын кабарчыларынан башка эркин маалымат каражаттарынын кабарчылары киргизилген жок. Сот ишин Ош облустук сотунун төрагасы Каныбек Бөкөев алып барууда. Эскерте кетсек, соттолгондор тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө экендиктери айтылып, аларга мамлекеттик имаратка зыян келтирген, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч туудурушкан деген сыяктуу беренелер тагылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG