Бул тууралуу бүгүн президент Курманбек Бакиев менен Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун жолугушуусу учурунда белгилүү болду. К.Бакиев өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровго мамлекеттик мекемелерде кыргыз тилин колдонуу маселеси боюнча кийинки жумада форум өткөрүүнү тапшырган. Ошондой эле ал, айрым чиновниктердин кыргыз тилине байланыштуу иш-чараларга терс мамиле кылышканын билерин жана муну туура эмес деп эсептей турганын айткан. Андан тышкары президент, кыргыз тили боюнча мыйзамдын кабыл алынганына 20-жыл болгондугуна байланыштуу аны белгилөө боюнча жардык даярдалып жатканын билдирди. (IJz)