Израиль Хамас менен ок атышуу келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн Каир менен Вашингтонго чабармандарын жөнөттү. Жөөт өкмөтүнүн өкүлү Амос Гилад Египеттин долбоорун талкулоо максатында кайрадан Каирге аттанды. Айрым маалыматтарга караганда, Хамас тобу долбоорго негизинен макул болду. Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни Вашингтондо мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен жолугушмакчы. Израиль Хамас тобуна каршы чабуул баштаган 27-декабрдан бери 1 миңден ашуун палестиналык мерт болду. Хамастын ракеталарынан жана уруштан израилдик 13 адам ажал тапты. Учурда Израилде жүргөн Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун курман болгондордун саны “чыдагыс чекке жетти” деп ок атышууну дароо токтотууга үндөдү.