Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

ЕБ газ боюнча талашты чечүүгө акыркы мүмкүнчүлүгү бар


Европа Биримдиги Россия менен Украинанын газдын Европага берилишине бөгөт койгон талашты чечүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүгү бар. Же болбосо алардын Еврошаркет менен мамилелерине залака тиет, - деп эскертти. Европа комиссиясынын басма сөз өкүлү билдиргендей, тараптар чатакты жөнгө салуу үчүн олуттуу чара көрүп жатканын көргөзүшү керек. Украинанын жана Россиянын өкмөт башчылары эртең Москвада жолугушмакчы. Ага Еврошаркеттин көүлдөрү да катышат. Москва менен Киев ортосундагы газ талашынан Европанын бир катар өлкөлөрү жабыркап келатышат.

XS
SM
MD
LG