Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

О.Молдалиев: Оппозицияга кысым көрсөтүүдө бийлик ашынып барат


“Оппозицияга мыйзамдын чегинен чыккан өтө эле көп кысым көрсөтүлүп кетти” – деп билдирет Азаттыкка саясат тануучу Орозбек Молдалиев. Анын пикиринде “мыйзамсыз курал жарак алып жүрөт” деген негиз менен Ө.Текебаевди кармоо – укуктук чектен ашкандык. “Эгер оппозицияга карата мындай кысымдар улана берсе, эл арасында нааразачылык күчөйт. Ашынып кеткен нерселердин ар жагы жаман болот. Муну бийлик эстен чыгарбашы керек.” –дейт серепчи. Молдалиев Таластагы “Ата Мекен” партиясынын лидеринин кармалышын бийликтин чагымы деп баалап, бул окуя “матрешка гейттин” дээрлик ойлонуштурулган варианты деген божомолун берет. (EK)

XS
SM
MD
LG