Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Өмүрбек Текебаевге Административдик Кодекс боюнча эки айып тагылууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, учурда Кара-Буура райондук ички иштер бөлумүнүн кызматкерлери тарабынан Административдик Кодекстеги беренелердин эрежелерин бузгандыгы үчүн атайын материалдар даярдалууда. Анда Ө. Текебаев мыйзамсыз түрдө митинг өткөрдү, курал жарактар боюнча мыйзамды бузду деп белгиленди. Б.Сейитовдун айтымында, мыйзамга ылайык, курал өз кутусунун ичинде дүрмөттөлбөгөн абалда болушу керек. Ал эми Текебаевдин унаасынан табылган карабин мылтыгы кутусунун сыртында дүрмөттөлгөн абалда экени, мылтыктын окчонтою оңдолуп жасалганы аныкталды. "Сайга" мылтыгынын 32 огу табылып, бул боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Эгерде экспертизадан табылган октор согуш куралдарына колдонулуучу ок деп табылса анда Текебаевге каршы кылмыш иши козголушу мүмкүн. (MSU)

XS
SM
MD
LG