Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Өмүрбек Текебаев милиция куралдарды объективдүү экспертиза кыларына ишенбей жатат


Талас жеринде милиция тарабынан кармалган Өмүрбек Текебаевге Административдик Кодекс боюнча мыйзамсыз митинг өткөрдү, курал-жарак алып жүрүүнүн эрежелерин бузду деген эки күнөө коюлду. Азыркы учурда бул ишти Кара-Буура райондук соту карап жатат.

Милиция Текебаевдин автоунаасынан алынган курал-жарактарды алып калып, башка буюмдарын кайтарып берди. Куралдарды милиция кошумча экпертизага жөнөткөн жатат. “Ата Мекен” партиясынын лидери өз кезегинде милицияга ишенбей турганын билдирди.

“Айдоочунун дагы резина ок менен атуучу курал-жарагын бербей атат. Биз аларды кошумча экспертизага жөнөтөбүз, силер башка жерде адам өлтүргөн экенсиңер деген ойду айтып отурат. Биз бул куралдардан ок атып, патрондорун жана атылган окту алып, кийинчерээк, балким, кылмыш болгон жерлерге таштап коюу үчүн пайдаланабы деген шек санообузду ачык айтып отурабыз”,-деди Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка”. (KCh)

XS
SM
MD
LG