Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Европа биримдиги жана ЕККУ Түштүк Осетиянын жанында грузиялык полициячынын атып өлтүрүлүшүн айыпташты


Бул – Еврошаркеттин арачылыгы менен жетишилген тынчтык келишимин бузуу болуп эсептелет, - деп билдирди биримдиктин Грузиядагы байкоочу миссиясы. ЕККУнун учурдагы төрайымы, Грециянын тышкы иштер министри Дора Бакоянинин ырастоосунда, окуя региондогу стабилдүүлүккө коркунуч туудурат. Полиция офицери жуманын таңында Карели чөлкөмүндө көзгө атаардын огунан каза тапкан. ЕКУУнун айтымында, окуяга уюмдун байкоочулары күбө болгон.

XS
SM
MD
LG