Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин айтымында, үй-бүлөлүк мафиялык бийлик турганда саясий куугунтук токтобойт. “24-декабрда Бириккен элдик кыймылы түзүлгөндөн кийин оппозиция лидерлерине жана алардын бир туугандарына ар кандай шылтоолор менен кылмыш ишин козгоп, бийликтин саясий куугунтукка алуусу күчөдү. Буга чейин саясий куугунтуукка алынган саясий ишмерлер менен кошо Өмүрбек Текебаевге дагы укуктук, моралдык колдоо көрсөтүп, анын укугун коргойбуз”, деди Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев. Ал ошондой эле бүгүн БЭКтин Бишкектеги мүчөлөрү Кара-Буура районундагы окуяны талдап, өздөрүнүн көз караштарын билдиришерин кошумчалады. (AJ)