Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Бакай-Ата районунун акими “Ата Мекендин” эл менен жолугушуусуна каршы


“Бүгүн Бакай-Ата айылындагы мечиттин жанындагы жеке үйдүн ээсинен эл менен жолугушуу өткөрүүгө уруксат берген тил кат алып, жыйын өткөрөлүк деп жатканда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан тыйуу салынды. Аким Көчөрбай Сатымкулов тил катты мыйзамсыз деп тытып салды”, деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Данил Акжолов. Анын айтымында, аталган партиянын мүчөлөрү менен жолугушууга жыйырмадан ашуун айылдын тургундары келишкен. Акжолов милиция кызматкерлери учурда жолдорду тосуп, жолугушууга келүүчү адамдарды, авто унааларды тосуп өткөрбөй жатканын, мечиттин жанына 4 кичи автобус менен милиция кызматкерлери жеткирилгенин кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG