Аталган партиянын мүчөсү Асия Сасыкбаева эл менен жолугушууда 17-январда Кара-Буура районунда болгон окуя боюнча маалымат берип, жергиликтүү бийликтин саясий куугунтукка алып, мыйзамды сыйлабастыгын белгиледи, деп билдирди Таластагы кабарчыбыз Уланбек Эсенгелди уулу. Анын айтымында, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү менен Бакай-Атадагы жолугушууга 150гө чукул айылдын тургундары катышууда. Анда партиянын саясий кеңешине райондогу 9 айыл өкмөтүнөн бирден мүчө шайлоо жана анын төрагасын шайлоо маселеси дагы каралышы күтүлүүдө. Ушул тапта БЭКтин мүчөлөрү Роза Отунбаева менен Бакыт Бешимов жыйынга келишкени тууралуу маалымат келип түштү. (AJ)