Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Жалал-Абаддагы “Атамекенчилер” кысым токтобосо жол тосууну чечишти


18-январда Асылбек Текебаев Барар-Коргон жана Ноокен райондорундагы партиялаштары менен жолугушуу учурунда белгисиз автоунаа анын автоунаасынын артынан ээрчип жүрдү. Бул туралуу “Азаттыкка” “Ата-Мекен” партиясынын облустагы жоопту катчысы өзү билдирди. Анын айтымында, милицияга тиешелүү номерсиз автоунаа Сузак жолунда аңдып жүргөн. Ал автоунаадагылар Асылбек Текебаевди Мадумар-Ата ашканасына чейин кууп барып токтотушкан. Унаадан түшкөн үч кишиде бир тапанча жана Калашников үлгүсүндөгү эки автомат болгон. Алар өздөрүн тааныштырган эмес. “Агама байланыштуу Таластагы текшерүү жана сот иштери бийликтин көрсөтмөсү менен болууда. Эгер кысым көрсөтүүлөр токтотулбаса, партиянын Жалал-Абаддагы мүчөлөрү жол тосууну чечишти”, - деп айтты Асылбек Текебаев.(YA)

XS
SM
MD
LG