Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Гуантанамо Бэй абагынан дагы 6 туткун мекенине жөнөтүлдү


Коргоо департаментинин маалыматына ылайык, алардын төртөө Ирактын жарандары, бирөө оогандык жана дагы бирөө алжирдик жаран. Туткундар алардын иштери жакшылап текшерилгенден кийин кое берилген. Кубадагы түрмөдө терроризм үчүн шектелген дагы 245 киши кала берүүдө. АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама абакты жабууга убада кылган, бирок ал кандай жол менен ишке ашырылаары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG