Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Россия менен Украина газ боюнча негизги маселелер макулдашылганын билдиришүүдө


Муну менен орус газынын Европага ташылышына жол ачылмакчы. Мунасага Москвада орус жана украин өкмөт башчыларынын жолугушуусунда жетишилди. Ага ылайык, Киев газ үчүн европалык баалар боюнча төлөй баштайт, бирок быйыл 20 процентке арзан төлөмөкчү. Украина аркылуу аккан транзит газдын баасы ошол эле бойдон калды. Путин менен Тимошенко эки өлкөнүн мамлекеттик газ компанияларына жаңы келишимди түзүү тапшырмасы берилгенин билдиришкен. Соңку маалыматтарга караганда, документтерге эртең кол коюлушу ыктымал. Киев менен Москва ортосундагы баа талашынан улам Украина аркылуу жеткирилген орус газы Европага 7-январдан тартып берилбей калган. Еврошаркеттин расмий өкүлдөрү 15тей өлкөгө залака тийгизген чатак Украина менен Россия канчалык ишеничтүү шериктер деген күмөн саноону жаратканын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG