Бир кишини кармап же текшерип койсо эле саясий көз карашым үчүн текшерип жатат деген туура эмес, деп билдирди “Ак жол” партиясынын жетекчисинин орун басары Ажыбай Калмаматов “Азаттыкка”. Анын айтымында, өлкөдөгү эсептөө палатасы жана башка фискалдык органдар министрликтер иштеткен акчаларды бир жылда бир текшерип турат. Эгерде ошол акчалардын туура эмес иштетилгени аныкталып, азыркы болбобу, мурдагы жетекчисиби, аны саясий көз карашым үчүн куугунтукка алып жатат деп кыйкырып чыгуусу туура эмес, дейт Калмаматов. Башкы покуратура тарабынан экс-министрлер Исмил Исаковго, Аликбек Жекшенкуловго, Рафшан Жээнбековго мурда жетекчилик кызматта акча каражаттарын туура эмес жумшаган делип айып тагылса, курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишембай Кадырбеков камакта жатат. (AJ)