Оштогу «Коомдук кыймыл» деп аталган бейөкмөт уюмдун лидери Абдыкайым Кангелдиевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, "эч качан 1932-жылкы репрессиянын кайталанышына жол бербейбиз, андыктан Исмаил Исаковдой, Аликбек Жекшенкуловдой, Өмүрбек Текебаевдей уулдарыбыздан колуңарды тарткыла" деген кайрылууга 260 адам кол коюп, президент Бакиевге жолдогон. Жергиликтүү серепчилер бийликтин жана оппозициянын тирешүүсүнөн карапайым калк гана жабыр тартаарын, ошол себептүү эки тарап ымалага келип, өлкөнүн туташ кризистен куткаруу жолун сүйлөшсө жакшы болмоктугун белгилешүүдө. (АТо)
Оштогу «Коомдук кыймылдын» 260 мүчөсү Ө.Текебаеди куугунтуктоону токтотууну талап кылышты