Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Исмаил Кочкаровдун өлүмүн коомдук комиссия иликтейт


Акыйкатчы Турсунбек Акун №8 түзөтүү абагынан карачайлар ассоцияциясынын башчысы Исмаил Кочкаровдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүнүн себептерин иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүлөөрүн билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 13-январында №1 убактылуу кармоочу жайда И. Кочкаров менен жолугушканда, ал №8 абакка которушса ал жердегилер өлтүрүп коюшаарын айткан. Бул тууралуу маалыматты Акыйкатчы юстиция министрине, Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчилигине, №1 убактылуу кармоочу жайдын башчысына эскерткен. “Бул жерде Исмаил Кочкаровдун өлүмү эмес, түзөтүү абак жайлары боюнча системанын начардыгы, камактагылардын коопсузудугун камсыз кыла албагандыгы кооптондурат”, - дейт Турсунбек Акун. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат катчысы Сергей Сидоровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 18-январда түнкү саат экиде №8 түзөтүү абагында 9 жылга эркинен ажыратылган Исмаил Коскаровду жаза өтөп жаткан эки айыпталуучу бычактап өлтүрүшкөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG