Анда өлкөдөгү азыркы кырдаал “мамлекеттүүлүккө зак кетип”, “бир ууч коррупциялашкан топ, бийликти алдамчылдык жол менен басып алган үй-бүлөлүк клан жана анын арампоз таламдаштары чексиз хандык бийлигин орнотуу үчүн бардык аракеттерин көрүп жатышат”,-деп айтылат. - “Турмушубуздун негизги мыйзамдары тебелендиде калды. Адам укуктары – акчанын, дүйнөнүн бирдигине айланды. Мекенибиздин асыл байлыктары чачылып, сатылып, тонолуп, жоголуп барат. Бийлик эл менен элдин, бир туугандардын, кандаш- жандаштардын ортосуна абийирсиз чагым салуу ыкмасына өттү,”-деген кайрылууда. Ошондой эле БЭКтин жетекчилиги бийликтин былыктарын көзгө сайып көрсөтүп жатышкан кыргыздын патриот уулдарынын белин сындырууга аракет кылган “ак үйдүн” азыркы саясатын айыптаган. (AJ)