21-январда Бишкекте Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын депутаттары, жарандык коомдордун өкүлдөрү биргелешип өткөрүүчү форумда тынч жыйындарды жана митинг өткөрүүдө мамлекеттик органдардын адамдардын укуктарын чектеп жаткандыгы жөнүндө маселе козголот. Ошондой эле Түп, Ноокат, Талас райондорундагы жергиликтүү бийлик Конституциянын 25-беренесин сактабай, Конституциялык соттун 2004-жылдын 14-октябрдагы чечимин аткарбаганы талкуулант. (AJ)