Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:10

Санада “ал-Каиданын” мүчөсү делип шектелген эки адам өлтүрүлдү


Йемендин ордо калаасы Санада полициянын операциясы маалында “ал-Кайида” уюмуна мүчө деп шектелген эки адам өлтүрүлүп, дагы бирөө камакка алынды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта полиция “ал-Кайиданын” мүчөлөрүнүн жолугушуусу өтүп жаткан үйдү курчоого алган соң, ок атышуу башталганы айтылат. Өлтүрүлгөндөр буга чейин Сауд Арапстан жана Йемендин бийлиги тарабынан издөөгө алынып келген болчу.
XS
SM
MD
LG