Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Прокуратура коррупциялык кылмыштар боюнча 367 иш козгоду


2008-жылы аныкталган бул кылмыш иштердин 46сын башкы прокуратура козгоду. Бул кылмыштар 358 миллион сомдон ашык чыгым алып келген. Алардын 58 миллион сомго жакыны мамлекетке кайтарылган. Прокуратура ошондой эле коррупциялык иштердин 22,9 пайызы айыл чарбасында, 18,3 пайызы мамлекеттик жана муниципалдык башкармалыктарда, 11,2 пайызы сот жана тартип коргоо тармактарында, 9,5 пайызы билим берүү, маданият, 9 пайызы куралдуу күчтөр, 6Б5 пайыз курулуш, архитектура, 6 пайыз транспорт жана байланыш, 5% энергетика жана өнөр жай, 4,6 пайыз саламаттык сактоо, 4,6 пайыз банк, кредит тармактарында катталган. Мындай маалыматты башкы прокуратура бүгүн өз талдоосуна таянып таратты. (BuS)

XS
SM
MD
LG