Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Өмүрбек Текебаев Таластагы аткаминерлерди жоопко тартууну талап кылат


“Ата Мекен” партиясынын лидери “Азаттыкка” билдиргени боюнча Таласта эл менен жолугушууга түрдүү тоскоолдуктарды уюштуруп, жергиликтүү аткаминерлер, чагымчылар мыйзам бузуп, адам укуктарын тебелешти. “Кылмыш кодексинде булардын аракеттери кылмыш катары бааланат, ошондуктан, акимдерди жана чагымчыларды жоопко тартуу талабы менен биз жогорку бийликке кайрылабыз,” дейт Өмүрбек Текебаев.
Өткөн жуманын акыркы күндөрүндө БЭКтин айрым мүчөлөрү Талас эли менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Бул үчүн Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов жана “Ата Мекен” партиясынын Талас облустук координатору Койсун Курманалиева мыйзамсыз митинг өткөрдү, деген айып менен административдик тартипте соттолуп, эскертүү алышкан.(AJ)

XS
SM
MD
LG