Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

“Ак жолчу” депутат Ю.Даниловго күнүгө 22 литр күйүүчү май берилет


Этика жана парламенттин регламенти боюнча комитети кечээ ушундай чечим кабыл алды. Комитеттин отурумунда депутат Юрий Даниловдун турак жайга ай сайын алуучу 18 миң сомдук компенцациясына байланыштуу маселе козголду. Данилов шаардын сыртында 45 чакырым алыстыктагы айылда жашаарын айтып, кызматтык автоунаага күнүгө 22 литр күйүүчү май берилсе компенцациядан баш тартарын билдирген. Өткөн жылы Жогорку Кеңештин 31 депутатына турак жайга төлөнгөн компенцацияга 6 млн. сомго чукул каражат жумшалган. Комитет отурумунда Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Искак Масалиев айрым депутаттар шайлоочулары менен жолугушканы иш сапарына чыгуу үчүн мамлекеттин капчыгынан акча каражатын алышып, Бишкектен чыкпаганын айтып сынга алды. “Орой айтканда уурдабагыла, кризиске байланыштуу бүджеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланууга чакырам”,-деген Масалиев фракция башчыларынан бул маселени катуу көзөмөлгө алууга чакырды. (AJ)

XS
SM
MD
LG