Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

АКШ генералы Борбор Азияда бир катар макулдашууларга жетишти


АКШ Орусия жана коңшу өлкөлөр менен Ооганстандагы эл аралык күчтөр үчүн жүктөрдү алардын аймагы аркылуу өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишти. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус билдирди. Петреус мындай макулдашуу анын Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстанга болгон иш сапары маалында жетишилгенин айтты. Ушул тапта Ооганстандагы эл аралык күчтөр үчүн зарыл болгон жүктөр Пакистандын аймагы аркылуу өтөт. Бирок соңку кездери Пакистандын түндүк бөлүгүндө жүк ташыган унааларга согушкерлер тарабынан кол салуулар күч алды. 2009-жылы АКШ Ооганстанга кошумча 30 миң жоокер жиберүүнү пландаштырууда.

XS
SM
MD
LG