Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Орусия Ингушетияга социалдык-экономикалык жардам берет


Орусия Ингушетия үчүн 29 миллиард рубльга бааланган социалдык-экономикалык атайын программа иштеп чыгат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Ингушетияга кыска мөөнөттүү сапары маалында билдирди. Медведев Ингушетияда коопсуздукту камсыз кылып, кылмыштуулукту азайтуунун зарылдыгын баса белгиледи. Ингушетиянын жетекчилиги менен биргелешип өткөргөн жыйында Медведев өлкөнүн жаңы тышкы иштер министри болуп Руслан Мейриев дайындалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG