Акыйкатчынын орун басары Мамат Момуновдун “Азаттыкка” бүгүнкү кабарлоосуна караганда, Акыйкатчы Турсунбек Акун түзгөн комиссия бүгүн алгачкы жыйынына чогулду. Алар 9 жылга эркинен ажыратылып, бирок абакка барар Исмаил Кочкаровдун өлтүрүлүшүн иликтөөгө алышмакчы.Кыргызстандагы карачайлардын лидери Кочкаров 18-январда №8 колонияда өлтүрүлгөн. Кочкаровдун маркум Рысбек Акматбаев менен жакындыгы бар экендиги коомчулукка белгилүү болгон.(AiT)