Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Сауналар бир ассоциацияга биригишти


Өлкөдөгү акыркы кырдаалдар, тактап айтканда жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүшү жана патенттин баасынын жогорулашы сауналардын биригүүсүнө алып келгенин жаңы түзүлгөн ассоциациянын менеджери Карыпбек Байбосунов билдирди. “Буга чейин сауналар өз алдынча иштеп келген. Эми алар өз уккутарын мыйзамдын чегинде коргоо максатында бир уюмга биригишти. Акыркы түзүлгөн кырдаалдан улам сауналар жабылып калуу коркунучунда”, - дейт К.Байбосунов. Анын айтымында, учурда чакан жана орто бизнес ачуу максатында көптөрү банктардан насыя алып иштешкендиктен патенттин көбөйүүсү иштин жабылып калуусуна алып келүүдө. Ушул тапта Кыргызстанда 800 сауна жана мончо иштейт. Бүгүнкү маалымат жыйында белгилүү болгондой, сауналар патент үчүн 30 миңден 50 миң сомго чейин төлөйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG