Андай сунуш президентке өткөн жылы берилгенин чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошев бүгүн социал-демократиялык фракциянын жыйынында билдирди. Бирок маселе ачык бойдон калууда. Өз кезегинде социал-демократиялык фракциянын депутаттары Чек ара кызматына өкмөт тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай, ал толук камсыздалбай жатат деген сын пикирлерин билдиришти.(AiT)