“Кумтөр голд компани” кыргыз өкмөтүнүн талабына ылайык Ысык-Көлдүн социалдык өнүктүрүү фондуна 700 миң доллар бөлүп берди. Бул каражат 1998-жылы Барскоон кырсыгында жабыркаган адамдардын арызынын негизинде Жети-Өгүз районунун тургундарына берилет. Барскоон кырсыгында жабыркагандар үчүн кен жалпысынан 4 миллион 400 миң доллар төлөп берди. Анын ичинен 700 миң доллар акыркы төлөм болуп калды. Бул тууралуу “Кумтөр голд компаниден” бүгүн кабарлашты.(AiT)