Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Жарандык форум билдирүү кабыл алды


Кыргызстандык укук коргоочулар жана саясатчылар бүгүн форумга чогулуп, анда эркин жыйналуу укуктарына байланыштуу маселени талкуулашты. Бийликтен жыйынга акыйкатчы Турсунбек Акун катышты. Жыйын соңунда билдирүү кабыл алынып, анда Конституциялык соттун 2004-жыл 14-октябрдагы жана 2008-жылдын 1-июлундагы чечимдеринде адамдардын эркин жыйналуу укугу тастыкталганы белгиленген. Бирок ага карабай адамдардын эркин жыйналуу укугун чектеген мыйзам өткөн жылы июнь айында парламентте кабыл алынып, президенттин кол коюусу менен август айында күчүнө кирди. Бул мыйзам Конституциянын талаптарына каршы келет жана бийлик Конституциялык соттун чечимдерин аткарууга тийиш деп белгиленген форумдун катышуучулары кабыл алган билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG