Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Нарын шаарынын базарында соода кылгандар губернаторго наарзычылыктарын билдиришти


Нарын шаарынын Шуллер көчөсүндө майда соода кылгандардын арасынан 17 айым бүгүн 21-январда губернаторго кирүүгө далалат кылышты. Бир нече убакыт облакимчиликтин биринчи кабатында тургандардын арасынан губернатор Өмүрбек Cуваналиевге кирүүгө төрт айымга ыракым этилди. Алар Шуллер көчөсүндөгү ыңгайлуу соода кылган жерден шарты жок жаңы базарга көчүүгө мүмкүн эместигин билдиришкендиги белгилүү болду. “Жаңы базарга көчүргөнгө макулбуз. Бирок шарт түзүп беришсин. Шарт түзгөнгө чейин орун которбойбуз”, - деп билдирди нааразычылыкка келгендердин арасынан өзүн Нуржан Асанова деп тааныштырган айым «Азаттыкка». Нарын шаарынын Мэри Алмаз Кулматовго кайрылып, бул жерде үч тараптуу кызыкчылык бар экендигин, талап койгондордун маселеси азырынча ачык бойдон тургандыгы тууралуу жооп алдык. (KUs)

XS
SM
MD
LG