Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Жалал-Абатта базарда иштегендердин митинги болбой калды


Бүгүнкүгө белгиленген сатуучулардын акциясынын өтпөй калуусуна Жалал-Абат шаар бийлиги уруксат бербегени себеп болду. Бул тууралуу митинг уюштуруучулардын бири Любовь Сабирова билдирди. Анын айтымында, мэриянын жана милициянын өкүлдөрү аны кечээ кысымга алышып коркутуп-үркүтүшкөн. Бүгүн «Шабдалзар» базарында салык башчысы түшүндүрмө берди. Беш базардын өкүлдөрүнөн 80ден ашык сатуучу чогулуп, салыкты мурунку өлчөмүндө калтырууну талап кылышты. “Алар салыктын жаңы өлчөмдөрү көбөйтүлгөндүгүн жана аны төлөбөй тургандыктарын билдиришти”, - деп айтты Любовь Сабирова. Шаар милициясынын башчысы Таалай Төрөканов сатуучуларга кысым жасалбагандыгын, митинг өткөрүү үчүн он күн мурун уруксат суроо керектигин түшүндүргөнүн билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG