Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

АКШнын жаңы президенти Б.Обама алгачкы буйруктарга кол койду


Алардын бири – мамлекеттик кызматкерлерди маалымат берүү тууралуу талаптарга ыкчам жооп кайтаруу милдеттендирет. Мындан сырткары президент экономикалык кризиске байланыштуу өз администрациясындагы жогорку даражалуу кызматкерлердин маянасын тоңдурууну буйруду. Ушул эле күнү Обама Израил, Палестин автономиясынын, Египет жана Иорданиянын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы чатакты жөнгө салууга салым кошууга убада берди. Ошондой эле Барак Обама «террорчулук үчүн шектелип», Гуантанамо түрмөсүндө кармалып тургандардын иштерин 120 күнгө токтотуп туруу боюнча буйрук берди. Бул аралыкта аскерий прокурорлор Гуантаномодо кармалып тургандардын иштери канчалык адилет аткарылып жатканын дагы бир сыйра текшеришет.

XS
SM
MD
LG