АКШнын Ирак жана Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командачысы, генерал Дэвид Петреус ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Петреус менен Карзай террорчулукка каршы күрөштүн жаңы стратегияларын талкуулашты. Ооганстанга сапар тартар алдында Петреус Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстанда болгон эле. Генерал АКШ Орусия жана коңшу өлкөлөр менен Ооганстандагы эл аралык күчтөр үчүн жүктөрдү алардын аймагы аркылуу өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишкен. Ушул тапта Ооганстандагы эл аралык күчтөр үчүн зарыл болгон жүктөр Пакистандын аймагы аркылуу өтөт. Бирок соңку кездери Пакистандын түндүк бөлүгүндө жүк ташыган унааларга согушкерлер тарабынан кол салуулар күч алды. 2009-жылы АКШ Ооганстанга кошумча 30 миң жоокер жиберүүнү пландаштырууда.